Өзбекстандын валюталык резервдери ноябрда 1,9 млрд долларга көбөйдү

Борбор Азия Загрузка... 12 Декабрь 2025 15:44
o_06_ (1).jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 12.12.25. /Кабар/. Өзбекстандын Борбордук банкы ноябрь айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн алтын-валюта резервдери 61,2 млрд долларга жеткенин билдирди. Бул көрсөткүч бир ай ичинде 1,9 млрд долларга өсүп, тарыхый максимумду жаңылады.

Маалыматка ылайык, акыркы айларда резервдер туруктуу жогорулап келет: августта 1,34 млрд долларга, сентябрда 4,9 млрд долларга, октябрда 4,3 млрд долларга көбөйгөн. Жыл башынан бери резервдердин жалпы өсүшү 20 млрд долларды түздү.

Ноябрь ичинде валюталык активдердин көлөмү 10,9 млрд доллардан 9,8 млрд долларга түшкөнү менен, резервдердеги алтындын наркы 3 млрд долларга өсүп, 50,9 млрд долларга жетти. Алтындын физикалык көлөмү да 11,9 млн трой унциядан 12,2 млн трой унцияга көбөйгөн.

Ошол эле учурда, Борбордук банктын портфелиндеги эл аралык баалуу кагаздардын көлөмү 1 млрд доллардан 1,5 млрд долларга чейин өстү. Жыл башында бул көрсөткүч 101,7 млн доллар гана болчу.

Борбордук банк резервдерди көбөйтүүдө алтындын үлүшүн жана эл аралык кагаздар портфелин жогорулатуу аркылуу өлкөнүн каржылык туруктуулугун жана тышкы төлөм жөндөмдүүлүгүн бекемдеп жатканын белгилейт.