Ташкент, 07.01.26. /Кабар/. 2025-жылдын 1-октябрына карата Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 75,4 млрд АКШ долларына жеткенин өлкөнүн Борбордук банкы билдирди.
Маалыматка ылайык, жылдын тогуз айында мамлекеттик тышкы карыз 10 пайызга, ал эми ишканалардын тышкы карызы дээрлик 27 пайызга көбөйгөн.
2025-жылдын январь–сентябрь айларында өлкөнүн тышкы карызы жалпы 11,3 млрд долларга өстү. Октябрдын башына карата мамлекеттик тышкы карыз 1-январдагы 33,7 млрд доллардан 37,4 млрд долларга жетти. Ал эми ишканалардын тышкы карызы ушул мезгил ичинде 30,2 млрд доллардан 38 млрд долларга чейин көбөйдү.
Жыл башында өкмөт жана компаниялар чет мамлекеттерден, эл аралык каржы уюмдарынан жана жеке инвесторлордон алган тышкы каражаттардын көлөмү 64,1 млрд долларды түзгөн.
Эл аралык рейтингдик агенттиктер менен Дүйнөлүк банк Өзбекстандын тышкы карыз деңгээлин орточо деп баалап келет. Ошол эле учурда тартылган каражаттардын олуттуу бөлүгү жеңилдетилген шарттарда алынганы белгиленет.
Маалыматта ишканалардын тышкы карызынын 40–50 пайызы мамлекеттик компанияларга туура келери, калганы жеке секторго тиешелүү экени белгиленет.