Өзбекстандын тышкы карызы 68 млрд доллардан ашты

Борбор Азия Загрузка... 14 Июль 2025 14:54
photo_14_1.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 14.07.25. /Кабар/. 2025-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгында Өзбекстандын тышкы карызы 68,4 млрд долларды түздү.

Өлкөнүн Борбордук банкынын маалыматына караганда, бул сумманын ичинен 35,8 млрд доллар мамлекеттик тышкы карызга, ал эми 32,6 млрд доллар жеке сектордун (корпоративдик) карызына туура келет.

Акыркы үч айдын ичинде тышкы карыз 4,3 млрд долларга көбөйгөн. Анын ичинен мамлекеттик карыз 1,9 млрд долларга, жеке сектордун карызы 2,4 млрд долларга өскөн.

Жылдык көрсөткүчтө, башкача айтканда, 2024-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу, тышкы карыз 14,9 млрд долларга көбөйгөн. Анын ичинен мамлекеттик карыз 6,2 млрд долларга, жеке сектордуку 8,7 млрд долларга жогорулаган.

Серепчилердин баамында, Өзбекстан үчүн тышкы карыздын коопсуз деңгээли ички дүң өнүмгө (ИДӨ) карата 60 пайыздан ашпашы керек. Учурда бул көрсөткүч 36,5 пайызды түзүүдө.