Өзбекстандын туристтик тармагы туруктуу өсүүнү улантууда

Борбор Азия Загрузка... 11 Декабрь 2025 15:00
hopz4c15108409449710_l.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 10.12.25. /Кабар/. Өзбекстандын туристтик сектору 2025-жылдын он бир айынын жыйынтыгы боюнча туруктуу жана жогорку темпте өнүгүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Туризм боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде өлкөгө 10,7 млн чет элдик турист келген. Алардын ичинен дээрлик 3 миллиону Кыргызстандан келген. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 114 пайызга өстү. Туристтик кызматтардын экспорту 4,4 млрд АКШ долларын түзүп, 144 пайыздык өсүшкө жеткен.

Ички туризм да активдүү өнүгүүдө. «Өзбекстанды кыдыр» программасынын алкагында жарандар 23,7 млн ички сапар жасаган. Бул пландын 114,8 пайызынын аткарылганын билдирет. Өлкө аймактарында 954 жаңы мейманкана жана жайгашуу объектиси пайдаланууга берилген. Натыйжада мындай объектилердин жалпы саны 6 861ге, номердик фонд 183,9 миң орунга жетти.

Тармактагы ишкердик дагы кеңейүүдө. Быйыл 662 жаңы компания жана турагенттик ачылып, туристтик кызмат көрсөтүүчү субъектилердин жалпы саны 4 348ге жетти. Гид-экскурсоводдордун саны 4 345ке жетип, быйыл кошумча 375 адис даярдалган.

Туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча иштер да уланууда. Ишкерлерге берилген сунуштардын негизинде 784 санитардык-гигиеналык пункт иретке келтирилди. Инвестициялык чөйрөдө 421 долбоор ишке ашырылып, алардын алкагында 6 313тен ашуун жаңы жумуш орду түзүлгөн.

Адистердин айтымында, бул көрсөткүчтөр туризмдин Өзбекстандын экономикасындагы маанилүү ролун дагы бир жолу тастыктайт. Тармак өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын жогорулатып, кызматтар экспортунун өсүшүнө жана калктын иш менен камсыздалышына олуттуу салым кошуп жатат.