Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобоев Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамовду Манас шаарындагы темир жол станциясынан тосуп алды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
28–29-июль күндөрү эки өлкөнүн транспорт тармагына жооптуу министрлери Кыргызстанда курулуп жаткан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун негизги объектилерин кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышат.
Иш сапардын алкагында тараптар туннелдерди, көпүрөлөрдү жана башка инфраструктуралык объектилерди куруу маселелерин карап, иштердин аткарылуу темпин жана алдыдагы милдеттерди талкуулашат.
Ошондой эле министрлер "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин талкуулап, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү камсыз кылуу боюнча пикир алмашат.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу үч өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланыштарды бекемдөөгө, Кыргызстандын транзиттик потенциалын кеңейтүүгө жана жаңы эл аралык транспорт коридорун түзүүгө багытталган стратегиялык маанидеги долбоор болуп саналат.