Ташкент, 27.06.25. /Кабар/. Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенаты Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) алкагында өз ара жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдарда (ӨК) кызматташуу боюнча келишимди ратификациялады. Бул тууралуу жогорку палатанын маалымат кызматы кабарлады.
Келишимге 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан тарабынан кол коюлган. Ал табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар маалында жардам көрсөтүүнү, ошондой эле издөө-куткаруу иштерин уюштуруу жана башкаруу боюнча тажрыйба алмашууну камсыз кылат.
Серепчилердин баамында, бул келишимди ратификациялоо Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар жаатындагы эл аралык кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрөт.