Ташкент, 19.03.25. /Кабар/. Сенаттын бешинчи пленардык жыйынында 2006-жылдын 12-январында Астана шаарында кол коюлган "Евразиялык өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө макулдашууга Өзбекстандын кошулуусу жөнүндө" мыйзамды жактырылды. Бул тууралуу өлкөнүн парламентинин жогорку палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул келишимдин максаты катышуучу-өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө дем берүү жана активдүү инвестициялык ишмердүүлүк аркылуу алардын соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо болуп саналат.
Документте Евразия өнүктүрүү банкынын иши эл аралык келишимдерге, эл аралык укукка жана банк ишинин жалпы кабыл алынган принциптерине ылайык ишке ашырылаары белгиленген.
Серепчилелдин баамында, бул мыйзамдын кабыл алынышы Өзбекстандын Евразия өнүктүрүү банкынын ишине толук кандуу катышуусу үчүн укуктук негиз түзөт, ошондой эле мүчө-мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого, соода алакаларын кеңейтүүгө жана инвестициялык механизмдер аркылуу евразиялык мейкиндикте интеграциялык жараяндарды өнүктүрүүгө өбөлгө болот.
Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) 2006-жылы Россия менен Казакстан тарабынан түзүлгөн. Банкка 2009-жылы Армения менен Тажикстан, 2010-жылы Беларусь, 2011-жылы Кыргызстан кошулган. Банктын башкы кеңсеси Алматы шаарында жайгашкан. Банктын уставдык капиталы 7 млрд долларды түзөт.