Ташкент, 15.06.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик башкарууну натыйжалуу жана демилгелүү кылуу максатында президенттик администрациянын жаңы түзүмүн бекитти, деп билдирет өлкө башчынын басма сөз кызматы.
Жарлыкка ылайык, кайталанган кызматтар жоюлуп, 284 штаттык бирдик кыскартылды. Администрациянын ишинде беш негизги багыт белгиленди: билим берүү, ишкердик чөйрө, сот-укук системасы, саламаттык сактоо жана суу ресурстарын башкаруу.
Бул тармактар боюнча реформаларды жүргүзүү үчүн администрация башчысынын орун басарлары жана президенттин стратегиялык өнүгүү менен тышкы саясат боюнча кеңешчилери дайындалат. Ошондой эле санариптештирүү, жасалма интеллект, туризм, коомдук коопсуздук жана мыйзам үстөмдүгү боюнча жаңы бөлүмдөр түзүлдү.
Министрликтер менен мекемелерге өз тармагында чечим кабыл алууга кеңири ыйгарым укуктар берилди. Ведомстволук актыларды Юстиция министрлигинде каттоо жол-жобосу жөнөкөйлөтүлдү. Бул өзгөрүүлөр мамлекеттик башкарууну жөнөкөйлөтүп, иштин ылдамдыгын арттырууга багытталган.
Серепчилердин баамында, администрациянын жаңы түзүмү — бул заманбап чакырыктарга жооп бере алган, жарандардын маселелерин ыкчам чечкен жана «Өзбекстан — 2030» өнүгүү стратегиясында каралган реформаларды алдыга жылдыра турган башкаруу моделин түзүүгө болгон аракет.