Өзбекстандын медиа өкүлдөрү Баткен облусунда иш сапар менен болушту

Аймак 23 октябрь 2025 15:24
571169657_1358728268953958_4914596677408978723_n.jpg
571077982_1358728872287231_3980976792415922754_n.jpg
571328562_1358727875620664_7754310382193535888_n.jpg
571194063_1358728942287224_3142542455399229109_n.jpg
569204119_1358728635620588_6431944388188569523_n.jpg
558897135_1358728222287296_6014287742403088494_n.jpg
570559512_1358728588953926_3995535867293762354_n.jpg
569348559_1358728955620556_7129046137116738266_n.jpg
569687330_1358728818953903_5485193588541464981_n.jpg
569402444_1358728095620642_3762012266180381330_n.jpg
520284471_1358727862287332_8311215821762464489_n.jpg
514259917_1358728438953941_7789739929512737918_n.jpg
561087362_1358727782287340_2496540329298049947_n.jpg
571129008_1358728472287271_7820324590538418621_n.jpg
571169563_1358728878953897_269470725231190793_n.jpg
571347705_1358728378953947_5108594589977568575_n.jpg
569044469_1358728465620605_2214699417866272740_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.10.25 /Кабар/. Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Баткен облусуна иш сапары менен келишти.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, медиа өкүлдөрүн Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов кабыл алды.

Жолугушууда эки элдин ортосундагы достук жана ынак коңшулаштык мамилелерди чыңдоо, чек ара аймактарында кызматташууну кеңейтүү жана туризм тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле маалымат мейкиндигиндеги өз ара кызматташтыкты арттыруу, чектеш аймактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуулар болду.

Иш сапардын жүрүшүндө өкүл Айбек Шаменов конокторго жакында курулушу баштала турган “Жаңы Баткен” экологиялык шаары тууралуу маалымат берип, долбоордун максаттары жана багыттары менен тааныштырды.

Өзбекстандын медиа өкүлдөрү УТРК “Баткен” телеканалына жана «Баткен таңы» облустук гезитине барышып, жергиликтүү маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана маалымат таратуу шарттары менен жакындан таанышышты. Кыргызстандын алыскы аймагында иш алып барган журналисттер үчүн түзүлгөн шарттар, заманбап жабдуулар жана маалыматты ыкчам жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү өзбекстандык коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Андан сырткары, УТРК “Баткен” телеканалынын түз эфиринде эки өлкөнүн журналисттери маалымат аркылуу ынтымакты жана кызматташтыкты чыңдоонун мааниси тууралуу маектешишти.

Мындай жолугушуулар эки өлкөнүн медиа өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашууну тереңдетүүгө, маалымат мейкиндигиндеги байланыштарды чыңдоого жана чек ара аймактарында биримдикти бекемдөөгө өбөлгө болот.

Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон эки тараптуу кызматташтык боюнча документтердин алкагында ишке ашырылууда. Буга чейин Баткен облусундагы журналисттер Фергана облусуна иш сапар менен барып келишкен.