Өзбекстандын мамлекеттик карызы 43 млрд доллардан ашты

Борбор Азия Загрузка... 01 Сентябрь 2025 13:36
WhatsApp Image 2025-09-01 at 13.17.48.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 01.09.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-июлуна карата Өзбекстандын мамлекеттик карызы 43 млрд 376 млн долларга жетти. Анын ичинде тышкы карыз — 36,41 миллиард, ички карыз — 6,96 млрд доллар. Бул тууралуу өлкөнүн Экономика жана каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир жыл ичинде мамлекеттик карыз 6 млрд 135 млн долларга көбөйүп, ички дүң продукцияга карата үлүшү 34,2 пайызды түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 32,4 пайыз болгон.

Министр Жамшид Кучкаровдун айтымында, тышкы карыздын өсүшү өлкөнүн өнүгүү муктаждыктары менен байланыштуу. Каражаттар негизинен инфраструктурага, жолдорго, ичүүчү суу менен камсыздоого, турак жай курууга, ошондой эле коргонуу жана чек ара коопсуздугун чыңдоого жумшалууда.

2025-жылы Өзбекстан 5,5 млрд долларга чейин тышкы каражат тартууну пландап жатат. Анын ичинен 3 млрд доллары бюджеттин тартыштыгын жабууга, калган бөлүгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.