Ташкент, 28.05.2025. /Кабар/. 2025-жылдын 1-апрелине карата Өзбекстандын мамлекеттик карызы 42,4 млрд АКШ долларын түздү. Анын 35,5 млрд доллары — тышкы, ал эми 6,9 млрд доллары — ички карыз. Бул тууралуу Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлиги маалымдайт.
Акыркы бир жыл ичинде карыздын көлөмү 7,1 млрд долларга көбөйүп, бул 20 пайыздык өсүшкө туура келди. Ички дүң өнүмгө карата мамлекеттик карыздын үлүшү 31,7 пайыздан 33,5 пайызга жогорулаган.
2024-жылы алынган каражаттардын 45 пайызы мамлекеттик бюджетти колдоого, 17 пайызы энергетика тармагына, 8 пайызы транспорт жана инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, ал эми 9 пайызы айыл чарба жана суу ресурстарын башкарууга багытталган.
Негизги насыя берүүчүлөр — Дүйнөлүк банк (7,6 млрд доллар) жана Азия өнүктүрүү банкы (7,4 млрд доллар). Мындан тышкары, Өзбекстан эл аралык евробонддор аркылуу 4,1 млрд доллар, Кытайдан 3,8 млрд доллар жана Япониядан 2,9 млрд доллар тарткан.
Серепчилердин айтымында, мамлекеттик карыздын өсүшү Өзбекстандын экономикасына карата эл аралык ишенимдин бар экенин көрсөтөт. Ошол эле учурда, узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыздоо үчүн карызды натыйжалуу башкаруу өзгөчө мааниге ээ.