Өзбекстандын компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга ниеттенүүдө

Экономика Загрузка... 04 Июнь 2025 16:48
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 04.06.25. /Кабар/. Өзбекстандын «Nosirxon-Muslim» компаниясы Кыргызстанга инвестиция салып, өндүрүштү өлкө аймагында жолго коюуга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү маалымдады.

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясы Ташкент облусунун Ахангаран шаарында жайгашкан компаниянын өндүрүштүк жайларына барып, жеринде таанышып чыкты. Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык кызматташтыгынын негизги багыттары талкууланды.

Анын ичинде өзгөчө басым Кыргызстандын аймагында полиэтилен калдыктарын кайра иштетип, гранула өндүрүүчү линияны түзүү долбооруна жасалды.

«Nosirxon-Muslim» компаниясы Trade, ALU-MAGNIT жана YASAR деген бренддер менен алюминий композиттик панелдерди чыгарат. Бул продукциялар ички жана сырткы жасалгалоо иштеринде, чакан архитектуралык формаларда жана жарнамалык конструкцияларда кеңири колдонулат.

«Бул жолугушуу эки өлкөнүн өнөр жай тармагындагы кызматташтыгын жаңы баскычка көтөрүүгө өбөлгө түзүп, инвестиция тартууга, технология алмашууга жана Кыргызстанда туруктуу өндүрүштү өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деп айтылат Соода өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө.