Ташкент, 28.08.25. /Кабар/. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 28-август күнү саат 9:35ке карата Өзбекстандын туруктуу калкы 38 млн адамга жетти.
Анын ичинен эркектердин саны 19 млн 136 миң 800 болсо, аялдардын саны 18 млн 863 миң 200дү түзүп, айырма 273,6 миң адамды көрсөттү.
2025-жылдын 1-январына карата өлкөнүн туруктуу калкы 37,5 миллиондон ашып, 2024-жылдын ичинде 2 пайызга көбөйгөн. Өткөн жылы 2017-жылдан бери алгачкы жолу төрөлгөндөрдүн саны 3,7 пайызга кыскарган. Ошондой эле 2024-жылы акыркы он жылдагы эң аз нике катталган.
Өзбекстандын калкы 37 миллиондук чекке 2024-жылдын 22-апрелине караган түнү жеткен.