Ташкент, 17.12.25. /Кабар/. Акыркы бир жыл ичинде Өзбекстандын ички суу ресурстары 6,5 млрд куб метрге кыскарды. Бул тууралуу өлкөнүн суу чарба министри Шавкат Хамраев билдирди.
Анын айтымында, суунун азайышы негизинен суу сактагычтарда топтолгон көлөмдүн төмөндөшү менен байланыштуу. Ошол эле учурда өлкөдө сууну үнөмдөөчү заманбап технологияларды киргизүү иштери ырааттуу уланууда.
«Суу чарбасындагы натыйжалуулукту жогорулатуунун жалгыз жолу — санариптештирүү. Ал ачык-айкындуулукту, тактыкты камсыздап, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алат», — деп белгиледи министр.
2025-жылы айыл чарба муктаждыктары үчүн 40 млрд кубометрден ашык суу берилген. Пайда болгон тартыштык суу чарба инфраструктурасын кеңири модернизациялоонун эсебинен жарым-жартылай жабылган.
2020–2024-жылдары тармакты өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен 60 трлн сум (≈ 5 млрд доллар) жана 622 млн доллар өлчөмүндө чет элдик инвестиция багытталган. Бул каражаттар каналдарды бетондоштурууга, гидротехникалык объекттерди курууга жана кайра жаңылоого, ошондой эле суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө жумшалган.