Өзбекстандын хоккей боюнча чемпионатында Кыргызстандын эки командасы ойнойт

Борбор Азия Загрузка... 06 Ноябрь 2025 11:11
P_06_0 (1).jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 06.11.25. /Кабар/. 2025/26-жылкы сезондо Өзбекстандын ачык хоккей чемпионатына беш команда катышат — алардын экөө Кыргызстандан, үчөө Өзбекстандан. Бул тууралуу Өзбекстандын Хоккей федерациясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, быйыл чемпионат алгач ирет ачык форматта өтөт. Мурунку жылдары мелдешке негизинен жергиликтүү клубдар гана катышып келген. Чет өлкөлүк командаларды тартуу мелдештин деңгээлин жогорулатуу жана аймактагы хоккей инфраструктурасын өнүктүрүү максатын көздөйт.

Турнирге Кыргызстандын «Алга» жана «Учур» командалары, ошондой эле Өзбекстандын «Хумо» жана «Бинокор» менен «Шердор» клубдары катышат.

Биринчи айлампанын беттештери 6–10-ноябрда Бишкектеги Bishkek Arena муз аянтчасында өтөт.

Адистердин баамында, чемпионаттын ачык форматы эки өлкөнүн командалары үчүн эл аралык мелдештерге даярдыкта маанилүү тажрыйба болот.