Өзбекстандын эмгек миграциясы Европага багытталууда

Борбор Азия Загрузка... 19 Ноябрь 2025 12:00
P_19_.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 19.11.25. /Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында өткөн жыйында Өзбекстанда эмгек миграциясын модернизациялоо жана мигранттардын Европага чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча чаралар талкууланды. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

Мирзиёев Европа мамлекеттери менен эмгек келишимдерин тез арада иштеп чыгууну жана жарандардын укуктук коргоосун күчөтүүнү тапшырды. Өкмөт миграция кызматтарын санариптештирип, «Хорижда иш» («Чет өлкөдө иш») платформасы аркылуу онлайн-сервистерди кеңейтүүдө. Аймактарда виза борборлорунун көчмө кеңселери ачылып, биометриялык идентификация жана вакансияларды реалдуу убакытта көзөмөлдөө кызматтары киргизилет. Миграция агенттигинде 24/7 иштей турган Ситуациялык борбор түзүлмөкчү.

Мыйзамсыз миграцияга жана алдамчылыкка каршы чаралар да күчөтүлөт. Аэропорттордо интерактивдүү маалымат киоскалары орнотулат, лицензиясыз иштеген компаниялар үчүн айыптар көбөйөт. Мыйзамсыз миграцияга көмөктөшкөндөргө кылмыш жоопкерчилигин киргизүү маселеси каралууда.

Европанын талаптарына жооп берген кадрларды даярдоо максатында Ташкент менен Термезде атайын окутуу жана миграция кызматтары борборлору ачылат.

Расмий маалыматка ылайык, акыркы жылдары Европа багытындагы миграция төрт эсе өсүп, быйылкы акча которуулар 15,8 млрд долларга жеткен.