Өзбекстандын эл аралык резервдери 59 млрд доллардан ашты

Борбор Азия 10 ноябрь 2025 11:11
Өзбекстандын эл аралык резервдери 59 млрд доллардан ашты

Ташкент, 10.11.25. /Кабар/. Өзбекстандын эл аралык резервдери бир айдын ичинде 4 миллиард доллардан ашык өсүп, 59,3 миллиард АКШ долларына жетти. Бул көрсөткүч өлкө тарыхындагы эң жогорку деңгээл болуп саналат.

Борбордук банктын маалыматына ылайык, октябрь айынын жыйынтыгында резервдердин көлөмү 54,9 миллиард долларды түзгөн.

Резервдеги алтындын наркы 47,8 миллиард доллар деп бааланууда, анын физикалык көлөмү 11,9 миллион трой унцияны түзөт.

Ошондой эле чет элдик валюталар жана депозиттерди камтыган валюталык активдер 9,8 миллиард долларга жеткен.