Ташкент, 11.03.26. /Кабар/. Өзбекстандын режиссерлору "Үмүт" XIII эл аралык кинофорумунда сыйлыкка татышты. Бул тууралуу Өзбекстандын Кинематография союзу билдирди.
Маалыматка ылайык, режиссер Зафар Хаджибоевдин "Сабыр" тасмасы эл аралык сынакта калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыктуу болду. Ал эми режиссер Ахаджон Охуновдун "Маскарапоз" тасмасы Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун дипломун алды.
Эл аралык сынактын башкы байгеси армян режиссеру Лия Карапетяндын "Голгофанын үстүндөгү ак чардактар" аттуу тасмасына ыйгарылды. Ал эми азербайжандык Нурлан Хасанли "Эрте сезимдер" тасмасы үчүн "Мыкты режиссер" деп табылды.
Кинофорум 4–7-март күндөрү Бишкек шаарында өтүп, ага КМШ өлкөлөрүнөн жана түрк дүйнөсүнөн келген жаш кинематографисттер катышты.