Өзбекстандын алтын-валюта резервдери 49 млрд доллардан ашты

Борбор Азия Загрузка... 12 Май 2025 10:55
photo_12.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 12.05.25. /Кабар/ - Өзбекстандын алтын-валюта резервдери үстүбүздөгү жылдын апрель айында тарыхтагы эң жогорку чекке жетип, 49,2 миллиард АКШ долларын түздү. Бул тууралуу өлкөнун Борбордук банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул көрсөткүч 2013-жылдан бери Өзбекстандын алтын-валюта резервдери боюнча расмий статистика жүргүзүлө баштагандан берки эң жогорку деңгээл болуп саналат.

Март айындагы көрсөткүч — 47,8 миллиард доллар болгон. Бир ай ичинде резервдер 1,4 миллиард долларга көбөйгөн.

Резервдердин негизги бөлүгүн алтын түзөт — анын көлөмү 37,6 миллиард доллар деп бааланып, 11,5 миллион трой унцияны түзөт. Калган 10,3 миллиард доллар — валюта түрүндөгү активдер.

Борбордук банктын маалыматына ылайык, резервдердин өсүшүнө дүйнөлүк алтын базарындагы ыңгайлуу шарттар жана экспорттон түшкөн туруктуу валюталык түшүүлөр себеп болгон.