Өзбекстандын 30дан ашуун жараны Ирандан эвакуацияланды

Борбор Азия Загрузка... 16 Июнь 2025 18:16
WhatsApp Image 2025-06-16 at 18.18.22.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 16.06.25 /Кабар/. Өзбекстандын 30дан ашуун жараны Ирандан эвакуацияланып, мекенине кайтарылды. Бул операция Түркмөнстан менен Азербайжандын аймагы аркылуу транзит жолу менен ишке ашырылганын Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Мекеме Иран жана Израил сыяктуу кооптуу аймактарда жүргөн жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер улантылып жатканын билдирди.

Министрлик жарандарга расмий маалыматтарга таянып, коопсуз жайларда болууну жана элчиликтер менен байланышта турууну эскертти.

Эске салсак, буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалууга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, тараптарды аскерий аракеттерди токтотууга жана маселени саясий жол менен чечүүгө чакырган.