Өзбекстандыктар Россиядагы эмгек мигранттардын 23,3 пайызын түздү

Борбор Азия Загрузка... 21 Июнь 2025 10:18
IMG-20250621-WA0003.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 21.06.25. /Кабар/. 2024-жылы Россияга иштөө максатында барган чет элдик жарандардын ичинен өзбекстандыктар эң көп санды түздү — алардын үлүшү 23,3 пайыз болуп, бул көрсөткүч дээрлик 1,5 млн адамга жетти. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казакова Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунда билдирди.

Анын айтымында, учурда Россияга жыл сайын болжол менен 6,3 миллион чет элдик жаран кирип келет. «Биз пандемияга чейинки деңгээлге кайтып келдик. Келгендердин болжол менен 50 пайызы эмгек максатында келишүүдө», — деди Казакова.

Мигранттардын арасында тажикстандыктардын үлүшү 16,7 пайызды, кыргызстандыктардыкы — 10,4 пайызды, ал эми беларус жарандарынкы — 9,5 пайызды түзгөн.