Өзбекстандык машыктыруучу кыргыз клубун жетектейт

Спорт 21 ноябрь 2025 14:40
Өзбекстандык машыктыруучу кыргыз клубун жетектейт

Ташкент, 21.11.25. /Кабар/.Өзбекстандык адис Дмитрий Ан Кыргызстандагы "Нефтичи" футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Championat.asia порталы маалымдады.

Маалыматка караганда, 51 жаштагы Дмитрий Ан буга чейин Ташкенттин "Пахтакор" клубунда көп жыл иштеп, өткөн сезондо "Навбахор" академиясында машыктыруучу болгон.

Белгилүү болгондой, "Нефтичи" учурда Кыргызстандын чемпионатында 9-орунда турат. Команданын жалпы курамынын баасы 1,5 млн еврону түзөт.