Өзбекстандык байкоочулар Кыргызстандагы парламенттик шайлоого оң баа берди

Шайлоо Загрузка... 09 Декабрь 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 09.12.25. /Кабар/. Өзбекстандык байкоочулар КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын миссиясынын курамында 30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда өткөн Кыргызстандын Жогорку Кенешине шайлоо жараянына жеринде көз салып, добуш берүү тартибине жана уюштуруучулук деңгээлине оң баа беришти.

Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын Коргоо жана коопсуздук маселелери комитетинин төрагасы Кутбидин Бурханов ар бир добуш берүү участкасында талапкерлерден 10–12 байкоочу болгонун жана алардын эч бири шайлоо жараянына нааразычылык билдирбегенин белгиледи.

«Биз катышкан участоктордо добуш берүү мыйзам талаптарына толук ылайык жүрүп жатканына ынандык. Байкоочулардын бардыгы шайлоонун ачык-айкын өтүп жатканын тастыктады», - деди ал.

Кутбидин Бурханов 2021-жылдагы шайлоодо да байкоочу катары иштегенин эскерип, быйыл добуш берүү жараяны мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла так, ачык жана жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.

Ошондой эле Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу палатасынын өкүлү, этникалык кыргыз Нодира Жанибекова бул шайлоонун негизги жаңылыктарынын бири — жашаган жери боюнча эмес, каалаган участокто добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү болгонун айтты.

Анын айтымында, добуш берүү процессинде техникалык жабдууларды колдонуу кеңири жайылтылып, комиссия мүчөлөрү шайлоочуларга активдүү жардам көрсөтүшкөн.

«Көпчүлүк учурда жаштар саясатка кызыкпайт дешет. Бирок, бул шайлоодо талапкерлердин байкоочуларынын арасында жаштардын катышуусу абдан жогору болду. Бул — Кыргызстандын келечекке ишенген, жоопкерчиликтүү жарандары өсүп келе жатканын көрсөткөн жакшы белги»,-деди.

Байкоочулар ошондой эле Кыргызстанда алгачкы жолу колдонулган айрым шайлоо ыкмалары КМШ мейкиндигиндеги башка өлкөлөр үчүн да үлгү боло аларын белгилешти.