Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Баткен облусундагы Кара-Жантак айылынын 295 турак үйүнө мамлекеттик актылар даярдалып, тургундарга тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоонун жыйынтыгында Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн айылда 1200 адам жашайт. Буга чейин тургундарга Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган паспорттор берилген.
Учурда айылда 14 чакырым суу түтүгүн тартуу боюнча 38 млн сомдук долбоор башталды. Ошондой эле сугат суу менен камсыздоо үчүн 316 млн сомдук долбоор даярдалды. Мындан тышкары, мектеп жана бала бакча куруу үчүн жер тилкелери бөлүнгөн.