Аламүдүн районунда 3 жылда 41 соцобъект курулган

Аймак
Аламүдүн районунда 3 жылда  41 соцобъект курулган
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.11.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Аламүдүн районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. 

Мамлекет башчысына маалымдалгандай, социалдык чөйрөдө 2024-2026-жылдары райондо 41 объект курулуп, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Алардын катарында 15 мектеп, 7 бала бакча, 11 спорттук объект, 6 медициналык мекеме, 1 маданият үйү жана 1 китепкана бар.