Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Ош шаарында "ККМ чек талап кыл, белек ут!" акциясынын алкагында тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардын аймагындагы 500дөн ашуун соода жана тейлөө жайына акция тууралуу маалымат камтылган атайын баракчалар илинди.
Акциянын максаты калктын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу, керектөөчүлөр арасында кассалык чекти талап кылуу маданиятын калыптандыруу жана көмүскө экономиканын алдын алууга көмөктөшүү болуп саналат.
"Ушуга байланыштуу шаар тургундарына ар бир соода-сатык учурунда контролдук-кассалык машинанын (ККМ) чегин талап кылып, аны атайын тиркеме аркылуу каттоо сунушталууда", - деп айтылат маалыматта.