Өзбекстандан келген гранит плиталарынын сапаты текшерилди

Коом 19 11 Август 2026 14:25
26905950-7bdc-4d16-b3c9-f08abaad93ad.jpg
6a269817-1271-4f0c-bfc4-ab7c51d47ed8.jpg
db762456-6f3b-413c-a227-951a52dce466.jpg
Алдыга
Артка
26905950-7bdc-4d16-b3c9-f08abaad93ad.jpg
6a269817-1271-4f0c-bfc4-ab7c51d47ed8.jpg
db762456-6f3b-413c-a227-951a52dce466.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 11.08.26 /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк региондук башкармалыгы тарабынан Өзбекстандан алынып келинген Хатырчин кенинин гранитинен жасалган каптоочу плиталарынын сапаты текшерилди.

Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер продукциянын белгиленген талаптарга шайкештигин карап, плиталардын сырткы көрүнүшү, абалы, таңгактын бүтүндүгү, эн белгиси, ошондой эле продукциянын иш жүзүндөгү санынын товардык коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкештигин текшерди.

Мындан тышкары, белгиленген тартипте продукциянын үлгүлөрү алынып, лабораторияга жөнөтүлдү.

"Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча граниттен жасалган каптоочу плиталардын ченемдик документтердин талаптарына шайкештиги аныкталат. Лабораториялык сыноолордун жыйынтыгынын негизинде шайкештик сертификатын берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат",-деп айтылат маалыматта.