Өзбекстандагы кыргыз жарандарына шайлоодогу шарттар тууралуу маалымат берилди

Шайлоо Загрузка... 06 Октябрь 2025 10:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Борбордук шайлоо комиссиясы

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун чакыруусу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов Ташкент шаарында иш сапар менен болду.

БШКдан маалымдашкандай, анда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкерлерине жана Ташкент шаарында жашаган кыргыз жарандарына алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык, шайлоо мыйзамдарынын талаптары жана шайлоо процессинде колдонулуучу техникалык каражаттар тууралуу кеңири маалымат берилди.

Элчиликте өткөн жыйында Абдыжапар Бегматов чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктар үчүн мыйзам алкагында түзүлүп жаткан шарттарга токтолду. Ал шайлоо укугун ишке ашыруу ар бир жарандын конституциялык укугу экенин белгиледи. Чет өлкөлөрдөгү добуш берүүнү уюштуруу үчүн элчиликтерге чоң жоопкерчилик артылганын айтып, БШК бул багытта Тышкы иштер министрлиги менен иш алып барып жаткандыгын кошумчалады.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, шайлоо системасында колдонуучу техникалык жабдууларды көрсөтүү менен коштолду.