Ташкент, 21.03.26. /Кабар/. Ташкент облусунун Бөкө районундагы Чавлисай айылында Нооруз майрамы шаңдуу белгиленди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ташкент облусундагы Кыргыз маданий борборунун төрагасы Хамит Аширметов билдирди.
Анын айтымында, быйыл Өзбекстанда Нооруз майрамы "Ноорузду даңазалоо — адамды даңазалоо" деген ураан алдында өтүүдө. Чавлисай айылында 5 миңге жакын кыргыз жашап, алардын балдары №34 кыргыз орто мектебинде билим алышат.
"Быйыл Нооруздун Орозо айт менен туш келиши майрамга өзгөчө шаң берди. Майрам учурунда боорукердик, кайрымдуулук жана адамгерчилик баалуулуктары даңазаланды", – деди Аширметов.
Майрамдык иш-чарада №34 мектептин окуучулары концерттик программа тартуулап, Манас эпосунан үзүндүлөр аткарылды, кыргыз жана өзбек ыр-бийлери көрсөтүлдү. Ошондой эле "Жашыл мейкиндик" демилгесинин алкагында айыл аймагында көчөт отургузуу иштери жүргүзүлдү.