Өзбекстанда ЖОЖдо кыргыз тилинде билим алуу үчүн 75 орун бөлүндү

Борбор Азия Загрузка... 30 Июль 2025 10:16
WhatsApp Image 2025-07-28 at 09.32.05.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.07.25. /Кабар/. 2025-2026-окуу жылында Өзбекстанда кыргыз тилинде жогорку билим алууга 75 орун каралды. Бул орундар Анжиян мамлекеттик педагогикалык университетине бөлүнгөнүн Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлиги билдирди.

Быйыл жогорку окуу жайларга кабыл алуу үч түрдө жүргүзүлөт: күндүзгү, кечки жана аралыктан окуу. Күндүзгү бөлүмдө жалпы 148 миңден ашуун орун каралып, анын ичинен көпчүлүгү өзбек тилинде.

Мындан тышкары, магистратурага да ушул үч формада кабыл алуу жүрөт. Жалпы 45 миңден ашык мамлекеттик грант каралып, анын басымдуу бөлүгү бакалавриат үчүн.

Ошондой эле 1 320 грант чет элдик жана жеке окуу жайлар үчүн, 4 миңи аялдарга, 30у чет өлкөдө жашаган этникалык өзбек жаштарына бөлүнгөн.