Ташкент, 17.06.25. /Кабар/. Өзбекстанда жол кыймылынын эрежелерин жеңил бузууларга карата айып пул салуунун ордуна эскертүү берүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Өзбекстан Либерал-демократиялык партиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасына жол кыймылынын кээ бир эрежелерин бузган учурларда жаза чараларын жумшартууну караган мыйзам долбоору сунушталды. Аталган долбоордо фото жана видеофиксация аркылуу катталган эреже бузуу боюнча жоопкерчиликти ким тартаары так аныкталмакчы.
Ошондой эле биринчи жолу эрежени бузган айдоочуга айып пулдун ордуна административдик эскертүү берүү сунушталууда. Бул чара жарандарга карата мыйзам бузууга жумшак мамиле кылууга шарт түзүп, түшүндүрүүчү жана алдын алуу мүнөзүнө ээ болору белгиленүүдө.
Депутаттардын айтымында, административдик эскертүүнү өз алдынча жаза катары колдонуу жарандардын укуктук аң-сезимин жогорулатууга жана мыйзамдуулукту сактоо маданиятын калыптандырууга көмөктөшөт.
Мыйзам долбоору президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен даярдалган. Эскертүү бир жыл ичинде бир эле жолу колдонулушу мүмкүн.