Өзбекстанда жогорку окуу жайга кирүү сынактары өтүүдө

Борбор Азия Загрузка... 16 Июль 2025 20:09
IMG-20250716-WA0006.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 16.07.2025. /Кабар/. Өзбекстанда жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн тесттик сынактар 14-июлда башталды.

Жогорку билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл 671 миңден ашуун абитуриент каттоодон өтүп, күн сайын 70 миңден ашык талапкер тест тапшырууда. Алардын 63 пайызы — быйылкы бүтүрүүчүлөр, ал эми 53,8 пайызы — кыздар.

85 миңден ашуун талапкер жалпы билим берүү сабактары боюнча, 58 миңден ашыгы чет тили боюнча сертификат тапшыргандыктан, тиешелүү тесттерден бошотулган. Бардык сабактар боюнча сертификат тапшырган 678 талапкер сынактан толугу менен бошотулду. Өткөн жылы мындай мүмкүнчүлүктөн болгону бир гана адам пайдаланган.

Чет тили негизги сабак болгон багыттарга тапшыруу үчүн быйыл тил сертификаты милдеттүү болуп калды. Бул талапка 22 миңден ашуун абитуриент жооп берген.

Сынактар күнүнө эки сменада өтүүдө: эртең мененки саат 08:00дө жана түштөн кийинки саат 15:00дө. Алар өлкө боюнча 65 чоң имаратта уюштурулуп, 23-июлга чейин уланат.