Өзбекстанда жеке менчик ЖОЖ үчүн лицензиялоо шарттары күчөтүлдү

Борбор Азия Загрузка... 04 Июль 2025 10:55
photo_04_1.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 04.07.25. /Кабар/. Өзбекстанда жеке менчик жогорку окуу жайларынын ишмердүүлүгүнө лицензия алуу тартиби күчөтүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомуна ылайык:

  • ЖОЖ ачуу үчүн арыз ээси окуу жайдын аталышы, түзүмү, багыттары, сапат системасы жана өнүгүү стратегиясы камтылган концепциясын тапшырышы керек;
  • баштапкы капиталы кеминде 2 млн АКШ долларын түзүп, анын курамына билим берүү процессине тиешелүү материалдык-техникалык база жана программалык камсыздоо кириши зарыл. Студенттердин саны көбөйгөн сайын капитал да пропорционалдуу өсүшү керек;
  • арыз берүүчү 350 миң долларды соода банкындагы депозитке жайгаштырууга милдеттүү.
  • окуу процесси үчүн арналган имараттардын жалпы аянты 5000 чарчы метрден кем болбошу керек. Имараттар кеминде беш жылдык ижара келишими менен колдонулушу мүмкүн;
  • алгачкы беш жылда таза кирешенин 80% негизги ишмердүүлүккө багытталышы керек, кийинки жылдары бул көрсөткүч кеминде 50% болушу зарыл.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет. Мурда лицензия алган ЖОЖдор 2026-жылдын 1-январына чейин ишмердүүлүгүн жаңы талаптарга ылайыкташтырышы зарыл.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары Өзбекстанда мамлекеттик университеттерде иштеген тажрыйбалуу окутуучулар менен профессорлордун жеке менчик окуу жайларына өтүп жатканы байма-бай айтылып келет.