Ташкент, 12.08.25. /Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёев жеке ишкерлер менен өз алдынча эмгектенгендердин ишин жеңилдетүү чараларын бекитти, — деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.
2030-жылдын 31-декабрына чейин алар үчүн каттоо, отчет тапшыруу жана салык төлөө кызматтарын камтыган бирдиктүү санариптик платформага негизделген өзгөчө укуктук шарт иштейт.
2025-жылдын 1-ноябрынан тартып QR-код, tap to pay ыкмасы, алыстан биометрикалык тастыктоо жана SMS аркылуу ачкычсыз кол коюу колдонулат.
2026-жылдан тартып жылдык айланмасы 1 миллиард сумга чейинки ишкерлер үчүн айланма салыгы 1% болот. Электрондук төлөм кабыл алуу үчүн QR-коддун болушу милдеттүү талапка айланат.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын 1-июлуна карата Өзбекстанда 5,53 млн өз алдынча иштеген жаран катталган.