Өзбекстанда "Жаңы Ташкент" шаарынын курулушу ылдамдады

Борбор Азия Загрузка... 21 Август 2025 17:56
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 21.08.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Жаңы Ташкент" долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты, деп маалымдайт өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Жаңы шаар үчүн Юкоричирчик жана Уртачирчик райондорунан 19,7 миң гектар жер бөлүнгөн. Алгачкы этапта 6 миң гектарда курулуш жүрүп, анда 600 миң тургун жашай турган шарт түзүлөт. Келечекте шаар 2 млн адамга ылайыкташтырылат.

Учурда инженердик түйүндөр, тоннелдер жана жер алдындагы токтотуучу жайлардын курулушу ылдамдатылган темп менен жүрүүдө. Мамлекеттик мекемелер үчүн 60тан ашык имарат салынмакчы, айрым министрликтер жаңы аймакта ишин баштап да кетти.

Аукциондордун жыйынтыгында 554 млн долларлык келишимдер түзүлүп, мейманканалар, соода жана тейлөө жайлары курулат. Долбоор алгач 160 миң жумуш орунун камсыздап, келечекте жүз миңдеген туруктуу иш орундарын түзмөкчү.

Президент экологиялык таза транспортту киргизүү, кошумча инвестиция тартуу жана жашоочулар үчүн эс алуу аймактарын уюштуруу боюнча тапшырмаларды берди.

Эскерте кетсек, бул ири шаар курулушу 2023-жылы башталган.