Өзбекстанда жаңы эл аралык аэропорт курулат

Борбор Азия Загрузка... 04 Сентябрь 2025 16:47
o_04_0.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 04.09.25. /Кабар/. Ташкент облусунун Уртачирчик жана Куйичирчик райондорунда жаңы эл аралык аэропорт куруу үчүн 1300 гектардан ашык жер бөлүндү. Бул тууралуу Кадастр агенттигинин аймактык башкармалыгы кабарлады.

Жаңы аба майданы азыркы Ташкент аэропортунан түштүк тарапта 17 чакырым алыстыкта жайгашат. Саатына 40ка чейин учуу-конууну камсыздап, перрондо бир убакта 169 учакты кабыл ала алат. Алгачкы этапта жылына 20 миллион жүргүнчүнү тейлөө мүмкүнчүлүгү каралууда. Курулуш мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде ишке ашырылат.

Жаңы аэропорт куруу боюнча демилге президент Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында 1-августта өткөн жыйында көтөрүлгөн. 2030-жылга чейин Ташкент аркылуу жүргүнчүлөрдүн агымы 15 миллион адамга жетиши күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Ташкент шаарынын ичинде жайгашкан Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропорт 1933-жылы пайдаланууга берилген. Азыркы учурда анда үч терминал иштейт жана бир суткада 70 миңге чейин жүргүнчүнү кабыл ала алат.