Өзбекстанда Жаштар күнү белгиленди

Борбор Азия Загрузка... 01 Июль 2025 14:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 01.07.25 /Кабар/. Өзбекстанда кечээ Жаштар күнү салтанаттуу түрдө белгиленип, президент Шавкат Мирзиёев өлкөнүн жаш муунун куттуктап, атайын жолугушууда кайрылуу жасады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин айтымында, жаштар үчүн түзүлүп жаткан шарттар жыйынтыгын бере баштады. Өзбекстан дүйнөдөгү алдыңкы 500 жогорку окуу жайга кабыл алынган студенттердин саны боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунга чыкты. Ошондой эле жаштар спорт менен маданият тармактарында да мыкты ийгиликтерге жетишүүдө — өлкөнүн улуттук футбол курама командасы алгач ирет дүйнө чемпионатына жолдомо алды.

WhatsApp Image 2025-07-01 at 08.29.52 (1).jpeg

Мамлекет башчысы "Жаңы Өзбекстан доору" дал ушул алтын муундун аракети менен калыптанып жатканын баса белгилеп, бир катар жаңы демилгелерди жарыя кылды. Анын ичинде эл аралык жаңы форматтагы мектептин ачылышы, бир миллион жаш адисти жасалма интеллектке үйрөтүү максатындагы программа, ошондой эле жаштардын стартаптарын, кыз-келиндердин санарип билимин жана келечектеги лидерлерди колдоо багытындагы долбоорлор бар.

Майрамга карата республикада 30дан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышкан Глобалдык жаштар фестивалы болуп өттү.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда 2017-жылдан бери 30-июнь — Жаштар күнү катары белгиленип келет.