Ташкент, 03.11.25. /Кабар/. Өзбекстан жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын колдонууда баштапкы баскычта турат. Microsoft AI Economy Institute тараткан жаңы отчетко ылайык, өлкөнүн AI Diffusion көрсөткүчү болгону 5,7 пайызды түзгөн.
Изилдөөгө ылайык, өлкөдө санариптик жана энергетикалык инфраструктуранын жетишсиздиги, ошондой эле өзбек тилиндеги маалыматтардын аздыгы жергиликтүү жасалма интеллект моделдерин өнүктүрүүгө тоскоол болууда.
Маалыматта белгиленгендей, калктын электр энергиясына жеткиликтүүлүгү орто эсеп менен 80 пайыз, интернетке туташуу көрсөткүчү 80–100 пайыздын тегерегинде. Ал эми санариптик өнүгүү индекси (Digital Adoption Index) 40 пайыздан ашпайт. Өлкөдө азырынча ири дата-борборлор жана заманбап ЖИ системаларын иштетүүчү платформалар жок.
Адистердин баамында, бул көрсөткүчтөр Өзбекстанда жасалма интеллектти өнүктүрүүнүн алгачкы этабын чагылдырат. Алар санариптик инфраструктурага инвестицияларды көбөйтүү, өзбек тилиндеги тил моделдерин иштеп чыгуу жана калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгилешет. Ошондой эле стартаптарды колдоо жана эсептөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү негизги багыттардын бири катары көрсөтүлгөн.
Ошол эле учурда, Microsoft аналитиктеринин айтымында, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жасалма интеллект боюнча улуттук стратегиянын иштелип чыгышы өлкөнүн келечектеги инновациялык өнүгүүсүнө бекем негиз түзүүдө.