Өзбекстанда жасалма интеллект долбоорлоруна 50 млн доллар бөлүндү

Борбор Азия Загрузка... 07 Октябрь 2025 17:51
photo_07_.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 07.10.25. /Кабар/. Өзбекстанда жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын экономика жана социалдык тармактарга киргизүү үчүн 50 миллион доллар бөлүндү. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгында өткөн жыйында айтылды, деп маалымдады өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мамлекетте саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба, энергетика, транспорт, экология жана каржы тармактарын камтыган 86 долбоор ишке ашырылууда. Ошондой эле ЖИ чечимдерин ишке киргизүү үчүн суперкомпьютердик кластер түзүлүп жатат.

“Жасалма интеллект боюнча бир миллион лидер” улуттук программасынын алкагында aistudy.uz жана omp.aistudy.uz билим берүү платформалары ишке кирип, беш акысыз онлайн-курс сунушталууда. Программа 2027-жылга чейин ЖИ тармагында бир миллион жаш адисти даярдоону көздөйт.

Өлкөнүн бардык аймактарында келечектүү идеяларды колдоо максатында хакатондор өткөрүлүүдө. Жакында Каракалпакстанда саламаттык сактоо багытына арналган HealthTech AI Hackathon ийгиликтүү өттү.

Белгилей кетсек, келерки окуу жылынан тарта Өзбекстандагы жогорку класстарда жасалма интеллект сабактары окутула баштайт.