Ташкент, 04.11.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө жарандарды кибералдамчылыктан коргоонун жаңы механизмдерин киргизүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы чаралардын ичинде шектүү банк эсептерин сутка бою автоматтык бөгөттөө жана жарандардын макулдугусуз алынган онлайн насыяларды жокко чыгаруу каралган. Бул система реалдуу убакыт режиминде иштеп, каражаттарды уурдоого жана кылмышкерлердин аракетине ыкчам бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле банктар менен укук коргоо органдарынын ортосунда атайын координациялык борбор түзүлөт.
Президент белгилегендей, көпчүлүк алдамчылыктар банк карталары, жасалма насыялар жана зыяндуу сайттар аркылуу жеке маалыматтарды уурдоо менен байланышкан. Эми эгер жарандын атынан насыя мыйзамсыз алынганы тастыкталса, ал милдеттенмелер жараксыз деп табылат. Мындан тышкары, жеке маалымат менен иштеген уюмдар үчүн киберкоопсуздук талаптары милдеттүү болуп, мыйзам бузгандарга жоопкерчилик күчөтүлөт.
Адистердин маалыматына ылайык, акыркы беш жылда Өзбекстанда киберкылмыштардын саны 68 эсеге көбөйгөн. 2025-жылы эле 46 миңден ашуун учур катталып, келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 1,2 триллион сумду (94 миллион АКШ доллары) түзгөн.