Ташкент, 10.08.25. /Кабар/. Өзбекстанда эл аралык аккредитациядан өткөн жалпы экзамендерди өткөрүү системасы киргизилет, деп билдирет өлкөнүн Жогорку билим берүү, илим жана инновация министрлиги.
Азыр окуучулар үч экзамен тапшырышат: мектепти аяктаган соң бүттүрүүчү экзамен, жогорку окуу жайларга кирүү тесттери жана предметтик сертификат алуу үчүн экзамен. Жаңы система менен бардык экзамендер бириктирилип, жалпы республикалык тест (ЖРТ) катары өткөрүлөт.
Министрлик бул система керексиз тартип чараларын азайтууга, окуучулардын убактысын үнөмдөөгө жана ата-энелердин каржылык жүгүн жеңилдетүүгө жардам берерин белгилейт.
Эске салсак, бул маселе Өзбекстанда 2022-жылдан бери талкууланып келет.