Ташкент, 28.07.25. /Кабар/. Өзбекстанда жакырчылыктын деңгээли 2025-жылдын 1-июлуна карата 6,8 пайызды түздү. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин жетекчилигинде өткөн жумуш менен камсыз кылууга арналган жыйында айтылды, деп маалымдайт өлкө башчысынын бама сөз кызматы.
Жыл башынан бери 3 миллионго жакын адам туруктуу кирешелүү ишке тартылды. Банктар менен аймактардын тыгыз кызматташуусу жана кесиптик билим берүүнү өркүндөтүү багытындагы аракеттер өз жемишин бере баштады.
Кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү үчүн үч баскычтуу система киргизилип, онлайн курстар, "кесиптик ваучерлер" аркылуу кайра даярдоо мүмкүнчүлүгү сунушталат. Ошондой эле иш берүүчүлөр менен кызматташтык кеңейип, жумушка орноштуруу санариптик негизде жүргүзүлөт.
Мамлекет башчысы адистерди даярдоонун сапаты — жумушсуздукту жана жакырчылыкты азайтуунун башкы шарты экенин өзгөчө белгиледи.