Өзбекстанда унаа кыймылын жуп жана так күндөргө бөлүү сунушталууда

Борбор Азия Загрузка... 26 Ноябрь 2025 12:20
A_26_7.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 26.11.25. /Кабар/. Ташкент шаарындагы экологиялык көйгөйлөрдү азайтуу максатында автоунаалардын кыймылын жуп жана так күндөргө бөлүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен түзүлгөн атайын комиссияга бир катар ыйгарым укуктар берилет. Зарыл болгон учурда комиссия Ташкент шаарынын аймагында жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизе алат.

Ошондой эле комиссия шаар ичинде жеке автоунааларды жуп жана так номерлер боюнча белгиленген күндөрдө айдоо тартибин киргизүү укугуна ээ. Бул тартипке ылайык, айдоочулар унаасынын мамлекеттик номери жуп же так болгонуна жараша тиешелүү күндөрдө гана унаасын айдап чыгууга мүмкүндүк алышат. Чектөө электромобилдерге колдонулбайт.

Мындан тышкары комиссия белгилүү аймактарда, көчөлөрдө жана айрым транспорт каражаттарынын түрлөрүндө убактылуу жүрүүгө тыюу салуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ.