Өзбекстанда улуттук экологиялык фонд түзүлдү

Борбор Азия Загрузка... 24 Ноябрь 2025 13:18
A_24_5 (1).jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 24.11.25. /Кабар/. Өзбекстанда өлкө боюнча экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган улуттук деңгээлдеги атайын фонд түзүлдү. Бул тууралуу Lex.uz порталы маалымдайт.

Өзбекстан президентинин чечими менен уюштурулган жаңы фонддун 2025-жылга карата баштапкы бюджети 900 млрд сум (≈ 75 млн доллар) болуп белгиленди. Бул каражат сумдун курсу бекемделип, мамлекеттик карызды тейлөө чыгымдарынын кыскарышынын натыйжасында пайда болгон үнөмдүн эсебинен бөлүндү.

Расмий маалыматтарга ылайык, валютанын чыңдалышы мамлекетке 1,3 трлн сум (≈ 108 млн доллар) чамасында үнөм алып келген, анын бир бөлүгү фонддун ишин каржылоого багытталууда.

2026-жылы фондго кошумча 548 млрд сум (≈ 46 млн доллар) бөлүнүп, экологиялык инфраструктураны жакшыртуу жана жашыл демилгелерди ишке ашыруу пландалууда.

Фонддун ишмердүүлүгүн 9 мүчөдөн турган байкоочу кеңеш көзөмөлдөйт, анын төртөө коомчулуктун көз карандысыз өкүлдөрү болуп эсептелет.