Ташкент, 29.12.25. /Кабар/. Өзбекстанда туугандык линия боюнча экинчи, үчүнчү жана төртүнчү даражадагы туугандардын ортосунда никеге тыюу салуу сунушталууда. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, расмий булактарда жарыяланган. Тактап айтканда, таяке же таяже менен жээндердин жана бөлө бир туугандардын ортосунда никеге турууга тыюу салынат. Ошону менен бирге, никеге тургандардын бири асырап алынган же багып алынган бала болуп, биринчи–төртүнчү даражадагы туугандык жок болсо, никеге уруксат берилет.
Мыйзам долбоорунда район же шаар хокиминин чечими менен никеге туруу курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү да каралган. Бул чара тараптардын арызынын негизинде, кош бойлуулук же бала төрөлгөн учурларда колдонулушу ыктымал.
Мындан тышкары, документ нике курагына жете элек адам менен иш жүзүндө никелик мамилеге баргандыгы үчүн жоопкерчиликти киргизет. Эгер мындай укук бузуу административдик жаза колдонулгандан кийин кайталанса, 50дөн 100гө чейинки базалык эсептик өлчөмдө — 20,6 млн сумдан 41,2 млн сумга чейин (болжол менен $1,6 миңден $3,2 миңге чейин) айып пул салуу, 240–300 саатка чейин милдеттүү коомдук иштер же эки жылга чейинки түзөтүү иштери каралат.