Өзбекстанда туризмди өнүктүрүүгө багытталган жаңы чаралар кабыл алынды

Борбор Азия Загрузка... 20 Май 2025 15:09
WhatsApp Image 2025-05-20 at 15.05.54.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 20.05.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевтин жарлыгына ылайык, 2025–2026-жылдары туризм тармагын кеңейтүү боюнча бир катар чаралар кабыл алынды.

2025-жылдын аягына чейин 15,8 млн чет элдик туристти тартуу жана туристтик кызматтардын экспортун 4 миллиард АКШ долларына жеткирүү пландалууда. Ички туризм да колдоого алынып, 40 млн сапар уюштурулуп, 378 жаңы туроператор ишке кирет.

2025-жылдын 1-июнунан баштап Бахрейн, Кувейт жана Оман жарандары үчүн 30 күндүк визасыз режим киргизилет. Ар айдын экинчи ишембиси жана жекшембиси Үй-бүлөлүк жана жамааттык туризм күндөрү болуп жарыяланат.

Мейманканалар үчүн субсидиялар каралып, медициналык туризм тармагындагы кызматкерлердин билимин жогорулатуу чыгымдары компенсацияланат.

Жыл аягына чейин Самаркандда "Улуу Жибек жолу боюнча туризм" кеңсеси ачылат. Бардык электрондук туристтик кызматтар Улуттук платформага бириктирилет.