Ташкент, 22.12.25. /Кабар/. 2026-жылдын 1-январынан тартып Өзбекстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун алкагында төлөнө баштайт.
Өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, жөлөк пулдун өлчөмү кызматкер айымдын камсыздандыруу стажына жараша аныкталат. Тактап айтканда, 10 айдан 24 айга чейинки стажда орточо эмгек акынын 75 пайызы, 25 айдан 60 айга чейинки стажда — 85 пайызы, ал эми 61 айдан жогору стажда — 100 пайызы төлөнөт.
Ошондой эле 2026-жылдын 1-июлунан тартып убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча төлөмдөр киргизилет. Алар расмий эмгекке жарамсыздык баракчасында көрсөтүлгөн мөөнөттү толук камтып, бирок бир жыл ичинде жалпы узактыгы 182 календардык күндөн ашпоого тийиш.
Жөлөк пул алуу укугу эмгек келишими, жарандык-укуктук келишим же расмий иш менен камсыз болуунун башка формалары колдонулган мезгилде камсыздандыруу окуясы келип чыккан учурда берилет. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алуу үчүн кеминде 10 айлык, ал эми убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча төлөмдөр үчүн кеминде 6 айлык камсыздандыруу стажы талап кылынат.
Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстанда бала төрөлгөн учурда аталарга да төрөт боюнча өргүү берүү каралганы расмий түрдө жарыяланган.