Өзбекстанда "Түрк маданиятынын санариптик трансформациясы" темасында сессия өттү

Маданият Загрузка... 29 Апрель 2025 19:03
WhatsApp Image 2025-04-29 at 18.38.34.jpeg
copyright icon Түрк маданияты жана мурасы фонду

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Өзбекстанда "Түрк маданиятынын санариптик трансформациясы" темасында сессия уюштурулду. Бул тууралуу Түрк маданияты жана мурасы фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор Түрк маданияты жана мурасы фонду жана Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) менен биргеликте даярдалган.

Сессияга маданий мурас жана санариптештирүү жаатындагы эл аралык таанымал адистер чакырылган. Анда ТИКА менен Түрк маданияты жана мурасы фондунун ортосунда кызматташтык келишими түзүлүп, 2025-жылга пландалган биргелешкен долбоорлор талкууланып, "Венгрияда түрк мурастарын санариптештирүү" долбооруна өзгөчө көңүл бурулду.

Сессияда Түрк архитектура изилдөө борборунун башкы катчысы Хасан Февзи Чуген Балкандагы түрк архитектуралык мурастарынын реставрация жана санариптештирүү долбоорлору тууралуу маалымат берди.

Ал баяндамасында ТИКАнын колдоосу менен реставрацияланган Балкан, Түркстан, Сербиядагы маданий долбоорлорго токтолду.

Ошондой эле сессияда санариптик технологиялар аркылуу түрк дүйнөсүнүн бай маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу маанилүүлүгү баса белгиленди.