Бишкек,14.05.25. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Түрк мурастары борборуна заманбап мультимедиялык жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу Түрк маданияты жана мурасы фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабдуулар түрк тилдүү мамлекеттерде маданий мурас борборлорун түзүү программасынын алкагында фонддун президенти Актоты Райымкулова тарабынан тапшырылды. Жабдуулардын баасы 2 млн сомду түзөт.
"Фонд түрк элдеринин руханий биримдигин чыңдоого салым кошкон институттарга ырааттуу колдоо көрсөтүп келет. Бул жабдуулар Борбордун масштабдуу илимий жана билим берүү долбоорлорун ишке ашырууда эффективдүү курал болуп каларына ишенебиз", – деди Актоты Райымкулова.
Ушундай эле түрк мурасы борборлору Аль-Фараби Казак улуттук университетинде да ачылган. Жакын арада Азербайжан, Түркия жана Польшада да ушундай эле борборлорду ачуу пландалууда.