Кыргыз улуттук университетинин студенттери “Кабар” агенттигинде болду

Билим 12 Май 2026 13:22
WhatsApp Image 2026-05-12 at 13.08.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 13.08.41 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-05-12 at 13.08.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 13.08.41 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 12.05.26 /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери таанышуу экскурсиясы менен “Кабар” маалымат агенттигинде болду.

Окуу жайдын биринчи жана экинчи курстарынын студенттери агенттиктин жамааты жана ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты.

Экскурсиянын жүрүшүндө студенттерге “Кабардын” тарыхы, ички түзүмү жана бөлүмдөрү, бизнес-процесстердин өзгөчөлүктөрү, заманбап жаңылануулар жана агенттиктин техникалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Агенттиктин кызматкерлери студенттерди редакциялардын иши, жаңылыктарды даярдоо процесси жана маалыматтык ишмердүүлүктүн өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды.

Жолугушуунун соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, агенттиктин өкүлдөрүнөн жооп ала алышты.

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги болуп саналат. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, өлкөнүн ички жана эл аралык маалыматтык саясатын чагылдырууда маанилүү ролду аткарат. Бүгүнкү күндө «Кабар» дүйнөнүн бир катар алдыңкы маалымат агенттиктери менен кызматташып келет.